Басира Мир Махамад Отто Гандын медалын алды
30&Բ;июня&Բ;2025
БААУнун “Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү” факультетинин 2017-жылкы бүтүрүүчүсү Басира Мир Махамад 2024-жыл үчүн Отто Гандын медалына ээ болду.
Отто Гандын сыйлыгы илимий изилдөөлөрүн жаңы баштап жаткан жаш окумуштууларга тапшырылат.
Магдебургда (Германия) орун алган сыйлык тапшыруу салтанатында Макс Планк коомунун Геоантропология Институтунун доместикация жана антропогендик эволюциясы боюнча изилдөө тобунун мүчөсү доктор Басира Мир Махамад 2024-жыл үчүн Отто Гандын абройлуу сыйлыгына арзыды. Ал аталган сыйлыктын лауреаты болгон Макс Планк коомунун гуманитардык секциясынан чыккан башка тогуз жаш изилдөөчүлөрдүн катарына кирди.
Йенде Мир Махамад Борбордук Азиядагы көп жылдык мөмөлүү дарактардын жана Борбордук Азиянын түштүгүндөгү айыл-чарбалык ар түрдүүлуктүн пайда болуусун иликтөө менен алектенет. Ал биздин замандын I кылымынан ХII кылымына чейинки археоботаникалык, тарыхий жана лингвистикалык маалыматтарды пайдалануу менен агрардык диверсификация жана алардын артында турган кыймылдаткыч күчтөрдү изилдейт. Болочокто ал Борбордук Азиянын Монголдук басып алуулардын тушундагы жана андан кийинки мезгилдеги тамактануунун тузүмдөрүнүн сырларын ачууну пландаштырган. Белгилей кетсек, бул тема буга чейин илимий изилдөөнүн предмети болгон эмес. Бул багытта ал жакында Philosophical Transactions of the Royal Society B басылмасынын атайын чыгарылышына катышты. Анда окумуштуулар доместикациянын концепцияларын кайра карап чыгууга чакырышат.
“Сыйлык эл арасында Жибек Жолу деп таанылган байыркы трансевразиялык соода жолдорунун так жүрөгүндө тарыхта биринчи жолу системалык археоботаникалык изилдөөгө ыйгарылды”, – деп айтылат Макс Планк коомунун президенти Патрик Крамердин билдирүүсүндө.
“Мен Макс Планк коомуна жана Геоантропология институтуна мыкты тажрыйба жана Макс Планктын коомунун ар кандай институттарында көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн жаш окумуштуулар менен жолугушуу мүмкүнчулүгү үчүн терең ыраазычылык билдирем. Археоботаниканын экономикалык жактан эффективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүнө карабастан, анын Европанын алдыңкы институттары менен университеттеринде генетиканын жана башка молекулярдык ыкмалардын көлөкөсүндө калып калган шартта өз эмгегимди тартуулоо мүмкүнчүлүгү өзгөчө маанилүү эле”, – дейт Мир Махамад.
“Геоантропология институтунун доместикация жана антропогендик эволюция боюнча изилдөөчү тобу жыл сайын жаңы маалыматтарды иштеп чыгат жана бир топ кенен илимий талкууларга активдүү катышат. Археоботаника сакталып гана калбастан, сабактар аралык изилдөөлөрдүн алкагында баалуу кошумча жол катары өнүгөт деген үмүттөмүн. Менин оюмча субъективдүү тыянактар морфологиялык (макроскопиялык) жана молекулярдык ыкмалар биргеликте колдонулган учурда керектелет. Бул өз кезегинде бурмалоолор жана чектөөлөрдү минималдаштырууга жардам берет”, – деп корутунду чыгарды ал.