Мен 9-классымдан бери БААУ тууралуу кыялданып келем
23&Բ;января&Բ;2026

“Мен 9-классымдан бери БААУ тууралуу кыялданып келем”: ЖРТнын Алтын сертификатынын ээси Хадичахон Нажмидинованын баяны.
– Алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?
– Менин аты-жөнүм – Нажмидинова Хадичахон, 16 жаштамын. Китеп окуганды жана сериалдарды көргөндү жакшы көрөм. Алар жаңы нерселерди үйрөтөт, шыктандырат жана дүйнөгө башкача көз-караш менен караганга жардам берет.
– Эмне себептен дал БААУга окууга тапшырууну чечтиңиз?
– БААУну аймактагы эң мыкты окуу жайлардын бири деп эсептейм. БААУда студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр көп: алмашуу программалары, кызыктуу долбоорлор, активдүү студенттик жашоо. Англис тилинде окуткан тажрыйбалуу профессорлор бар. Бул мен үчүн абдан маанилүү, анткени англис тилин билүү келечекте чоң эшиктерди ачат.
– Алтын сертификат сиздин тандооңузга кандай таасир этти?
– ЖРТга бир жыл мурда даярданып баштагам. Ал эми БААУ тууралуу 9-классымдан бери кыялданып келем. Өжөрлүк жана Алтын сертификаттын жардамы менен кыялымды орундаттым десем жаңылышпайм.
– Эмне себептен “Бизнес башкаруу” факультетин тандадыңыз?
– Мен киичине кезимден жеке бизнесимди ачкым келгендиктен “Бизнес башкаруу” факультетин тандадым. Мага лидер болуу, жаңы идеяларды ойлоп табуу жана аларды ишке ашыруу жагат. Келечекте пайда жана киреше алып келген ишкерлик менен алектенгим келет.
– БААУда 4 жылдык билим алуудан эмнелерди күтүп жатасыз?
– БААУда билим алуудан сапаттуу билим, жаңы илимдерди, кызыктуу таанышууларды жана инсандык жактан өнүгүүдө колдоолорду күтүп жатам. Аталган университет мага күчтүү болууга жана кыялыма жакындашууга жардам берет деп ишенем.
– БААУга окууга тапшырмакчы болгондор үчүн сиздин кеп-кеңешиңиз?
– Бардык абитуриенттерге жаңы нерселерди жасоодон коркпогула деп айткым келет. Абдан оор көрүнсө да, ал бизди күчтүү жана тажрыйбалуу кылат. БААУга окууга тапшыргыла – бул сиздин өзүңүз үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн ааламын ачуу жана кыялыңыздагы келечекти курууга мүмкүнчүлүгүңүз!