Жыл сайын өткөрүлүүчү “Илимий китепканалар: салттар жана инновациялар” аталышындагы тренинг БААУда өттү
25&Բ;июня&Բ;2026
#китепкана#библиотека#library#ż۹ʴý Library

2026-жылдын 17-18- июнь күндөрү, БААУнун китепканасында Кыргызстандагы илимий китепканалар үчүн жыл сайын өтүүлүчү аталышындагы тренинг өткөрүлдү.
Аталган иш-чара EBSCO жана Clarivate компаниялары, ошондой эле Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасы тарабынан колдоого алынган.
Тренингдин максаты- илимий китепканаларды модернизациялоо, санариптик жана илимий инструменттерди колдонуу, электрондук ресурстар, репозиторийлер жана маалыматтык сабаттуулук боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле китепкана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
БААУнун китепканасынын директору Ж.Бекбалаева өз сөзүндө санариптик өзгөрүүлөр мезгилинде китепканалардын ролун белгилеп, окуу жайлар үчүн жеткиликтүү болгон электрондук ресурстар жана кызматтар тууралуу маалымат берди, ошондой эле БААУ менен Кембридж университетинин басмаканасынын ортосунда түзүлгөн трансформациялык келишимдин негизинде ЖОЖдор 420 журналга кирүү мүмкүнчүлүгүнө жана Алтын ачык жеткиликтүүлүк (Gold Open Access) модели боюнча макалаларды акысыз жарыялоого укук алганын айтты. Тренингдин жүрүшүндө БААУнун китепканасынын кызматкерлери жана тренингдин катышуучулары өз ара тажрыйба алмашып, акыркы жылдагы жетишкендиктери жана жаңылыктары менен бөлүшүштү.
Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын консервация жана реставрация кызматынын ИФЛА/ПАК аймактык борборунун жетекчиси Аида Муратовна Шоманова «Китепкана фонддорун сактоо жана калыбына келтирүү» аталышында баяндама жасап, документтердин бузулушун алдын алуу, реставрациялоонун заманбап ыкмалары жана эл аралык стандарттар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал кыргызстандык кесиптештерин реставраторлордун квалификациясын жогорулатуу багытында кызматташууга чакырды.
Иш-чаранын соңунда «Китепти реставрациялоонун негиздери» аттуу мастер-класс өткөрүлүп, катышуучулар китепти тазалоо, жоголгон бөлүктөрүн толуктоо иштеринин баштапкы ыкмаларын практикалык түрдө өздөштүрүштү. Көпчүлүк катышуучулар мындай көндүмдөр аймактык китепканалар үчүн өзгөчө маанилүү экенин, анткени бул багытта квалификациялуу адистер жетишсиз экенин белгилешти.
Тренинг илимий коомчулукту жана китепкана адистерин бириктирген натыйжалуу кесиптик аянтча болуп, эл аралык жана жергиликтүү тажрыйбанын айкалышы иш-чаранын практикалык маанисин жогорулатты.










