ż۹ʴý

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун окутуучулары Эл аралык долбоорго катышууда

13&Բ;июля&Բ;2026

6-июлда Бишкекте “Манас жана Махабхарата” цивилизациялык изилдөөлөр Эл аралык борбору ачылды. Ушул эле күнү хинди тилиндеги “Манас” эпосунун бет ачары өткөрүлдү.

Эпосту котормого белгилүү индиялык окумуштуулар профессор Хем Чандра Панде жана профессор Рамакант Двиведи даярдашкан. Эмгек Кыргыз Республикасынын эл акыны Мар Байжиевдин орус тилиндеги поэтикалык баяндоосуна негизделип, улуу кыргыз эпосунун бардык үч бөлүгүн камтыйт: “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек”.

Хинди тилиндеги алгачкы эпостун жарык көрүшү кыргыз маданиятынын жана руханий мурасынын маанилүү эстелиги менен индиялык аудиториянын таанышуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Иш-чаранын алкагында “Манас” улуттук академиясы, Эл аралык мамилелерди изилдөө борбору (Centre for Studies of International Relations, CSIR, Индия) жана Кыргызстандын бир катар жогоркуу окуу жайларынын ортосунда үч тараптуу макулдашуулар түзүлдү. Борбордук Азиядагы Америкалык университети аталган долбоордун катышуучуларынын бири болду.
БААУнун атынан макулдашууга академиялык маселелер боюнча вице-президент, профессор Чынаркуль Урдалетова кол койду. Андан ары ишке ашыруу иштерине “Жалпы билим берүү программалары” багытынын доценти Мукарам Токтогулова жана “Эркин искусстволор жана илимдер” факультетинин жетекчиси Данияр Карабаевдер катышат. Алардын иш-аракеттери долбоордун алкагында академииялык кызматташууну, биргелешкен изилдөөлөрду жана билим берүү демилгелерин өнүктүрүүгө багытталмакчы.

<< Назад к списку