ż۹ʴý

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУга окууга тапшыруу: эң популярдуу суроолорго жооп беребиз

15&Բ;июля&Բ;2026

Биздин социалдык түйүндөрдө абитуриенттер жана алардын ата-энелери окууга тапшыруу, сынактарга даярдануу жана окууга кабыл алуу шарттары тууралуу суроолорду көп узатышат. Бул публикацияда биз алардын эң популярдууларына жоопторду камдадык.


БААУга 9-класстан кийин окууга тапшырса болобу?
– Жок, БААУга 9-класстан кийин тапшырууга болбойт. БААУ - бул жогорку окуу жай болгондуктан ага окууга тапшырууга орто билим тууралуу аттестат алып, ЖРТны тапшыргандан кийин БААУнун кабыл алуу сынактарынан да өткөндөн кийин гана тапшырууга болот. БААУнун жыйынтыктоочу кабыл алуу сынактары 26-июлда орун алат. Каттоо 21-июлда аякталат.
Кенен маалымат: .
9-класстан кийин БААУнун Инновациялык колледжине (TSI ż۹ʴý) тапшырууга болот. Бул университеттик билимге тете болгон билим алуу мүмкүнчүлүгүн берген аймактагы жападан жалгыз окуу жай. 18-19 жаш куракта эле кесибиңиз боюнча иштөөгө даяр атаандаштыкка бекем адис боло аласыз.


БААУга окууга өтүү үчүн канча упай керек экенин кантип билсе болот?
– Өтмө упайларынын саны сиз окууну каалаган факультеттен көз каранды. Бардык абитуриенттер үч бөлүктөн турган стандарттык сынактарды тапшырышат: англис тилинен тест, эссе жана математиканы.
Ар бир факультет билим берүү программасынын талаптарын эске алуу менен минималдык өтмө упайларын белгилейт. Алар менен биздин сайттан таанышып алсаңыз болот:
/ru/auca_exams_scoring/.


Кабыл алуу сынактарына кантип даярдануу керек
– Абитуриенттер үчүн БААУда эки даярдоо программасы бар. Биринчи вариант - бул БААУнун Мейкерспейсинин даярдоо курстары. Бир учурда бардык үчөөнө (TOEFL PBT, эссе жана математика) же бирөөнө жазылууга болот. Толук маалыматты БААУнун Мейкерспейсинин баракчалыранан (@mldc.auca.kg, ), же төмөнкү телефондорго байланышып таба аласыз : +996 502 915 022, +996 550 915 022, +996 312 915 022.
Дагы бир мүмкүнчүлүк - бул БААУнун Жаңы муун академиясы. ЖМА - бул окуучуларды жогорку окуу жайда билим алууга багытталган бир жылдык окутуу курсу.
Программа 2027-жылы окууга тапшырмакчы болгон окуучуларга туура келет. Документтерди кабыл алуу ачылган жана аларды тапшыруунун соңку мөөнөтү – 14-август. Академияга окууга тапшыруу тууралуу кененирээк сайттан табууга болот: , же инстаграмдан: @nga_auca.


БААУда билим алуу үчүн арзандатууларды кантип алууга болот?
– БААУ академиялык жетишкендиктерди, чыгармачыл ийгиликтерди жана студенттердин материалдык абалын эске алган каржылык колдоонун ийкемдүү системасын сунуштайт.
Биз каржылык мүмкүнчүлүктөрдөн көз карандысыз түрдө мотивациясы күч бардык студенттерге сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берүүгө аракет кылабыз. Каржылык колдоого өтүнмөлөрдү Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн абитуринттери менен студенттери бере алышат.
БААУнун студенттеринин 70% толук же жарым-жартылай каржылык колдоо алып окушат.
Кенен маалымат: .

Сынактар жана окууга тапшырууга байланышкан башка суроолорго жоопторду бул жерден таба аласыздар:https://auca.kg/ru/admissions_faq/.

Окууга тапшыруу маселелери боюнча кайрылуулар үчүн:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
admissions@auca.kg


Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18
finaid@auca.kg

<< Назад к списку