żÃ۹ú¼ʴ«ý

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Ермахан Тортаев: “Ар кайсы өлкөдөн келген адамдар менен баарлашуу жашоого болгон көз-карашымды өзгөрттү”

15&²Բú²õ±è;октября&²Բú²õ±è;2026

Ермахан Тортаев “Антропология жана эл аралык өнүктүрүү” факультетинин 4-курсунда окуйт. Өткөн окуу жылында ал студенттер алмашуу программасына катышып, жазгы семестрди (март айынан август айына чейин) Канадзава университетинде (Япония) өткөргөн.


– Эмне үчүн студенттердин алмашуу программасына катышууну чечтиңиз? Бул мүмкүнчүлүк тууралуу кантип билдиңиз?
– Кыргызстандан тышкары жайгашкан дүйнө жана адамдар менен таанышуу аркылуу жаңы таасирлерди алуу үчүн алмашуу программасына катышууну чечтим. Мындай мүмкүнчүлүк тууралуу мага өз департаментимдин жетекчиси кабарлады, мен бул идеяга кызыгып, көп деле ойлонбой сапарга аттандым.


– Эмне үчүн дал ушул өлкөнү жана университетти тандадыңыз?
– Мен Жапонияны негизинен жеке себептерден улам тандадым. Мектепте окуп жүргөн кезимден бери дүйнө жүзү боюнча саякаттоону кыялданчумун, ал эми Жапония тизменин башында турган. Ошондой эле Канадзава университетин анын жайгашкан жеринен улам тандадым. Ал дээрлик шаар четинде жайгашып, токой менен кошулуп кеткендей сезилет. Албетте, бул университетте ар түрдүү окуу багыттары жана эбегейсиз чоң аймак бар экенин да белгилеп кетүү керек.


– Ал жактагы окуу жана жашоо БААУдан эмнеси менен айырмаланды?
– Башында өзүмдү бир аз ыңгайсыз сездим, анткени баары менин көнүмүш жашоомо окшош эмес эле. Баса университеттин аймагы абдан чоң. Мен көп учурда бир сабактан экинчисине чуркап барууга мажбур болор элем, анткени сабак өтүлүүчү имараттар кампустун ар кайсы бөлүктөрүндө жайгашкан. Айланадагылардын баары негизинен жапон тилинде сүйлөп жаткандыктан, мен өзүмдү башында ыңгайсыз сезчүмүн. Ошондо мен БААУдагы Ооганстандан, АКШдан же башка өлкөлөрдөн келген студенттер өзүн кандай сезерин түшүндүм.


– Эсиңизде эң көп эмне калды? Сапар учурунда кыялданган жана ишке ашкан нерселер болдубу?
– Мага эң көп эсте калганы – бул университеттен тандаган курстарымдын биринин алкагында уюштурулган сапар болду. Биз эки күнгө эски жапон айылына барып, ал жактагы адамдар кандай жашаарын түшүнүүгө аракет жасадык. Бул абдан кызыктуу жана өзгөчө болду.
Албетте, кыялдарым бар эле, алардын көбү ишке ашты. Мисалы, мен кайсы бир тоонун чокусуна чыгууну каалачумун жана Хакусан тоосуна (2702 метр) чыгууга жетиштим. Узак жол жана климаттык шарттардан улам бул оңой болгон жок, бирок менин кыялым ишке ашты.


– Бул тажрыйбанын аркасында сиз үчүн эмне өзгөрдү жана алмашуу программасына катышууну ойлонуп жүргөн БААУнун студенттерине эмнени кеңеш берет элеңиз?
– Окууга гана эмес, жашоого, жалпы эле адамдарга болгон көз карашым өзгөрдү. Ар кайсы өлкөдөн келген адамдар менен баарлашуу жана башка өлкөдө жашоо мага өз өлкөмдүн жана элимдин өзгөчөлүктөрүн жакшыраак түшүнүүгө жардам берди.
Мен алмашуу программасына катышууну ойлонуп жүргөн ар бир адамга өзүндө күч табууну кеңеш берер элем. Бул тажрыйбаны жашоодо кеминде бир жолу башынан өткөрүү керек. Баарынын эле мындай мүмкүнчүлүгү жок экенин түшүнөм, бирок бардык эле алмашуу программалары толугу менен акы төлөнүүчү эмес, андыктан ылайыктуу варианттарды издөө керек.
Ал эми сапарга барууну чечкен болсоңуз, өлкөнү адамдар аркылуу изилдөөнү, алар менен көбүрөөк баарлашууну сунуштайт элем. Ошондо эң жаркын таасирлерди алууга болот.
Баарына ийгилик каалаймын!

Ìý

Ìý

<< Назад к списку