żÃ۹ú¼ʴ«ý

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

DARMARKA & ECO-HALLOWEEN

21&²Բú²õ±è;октября&²Բú²õ±è;2026

Бу-у-у, Хеллоуин жакындап калды! БААУнун кампусу сонун болуп кооздолду жана биз сизди жылдын “эң коркунучтуу” майрамын биз менен бирге көңүлдүү жана экологиялык жактан таза майрамдоого чакырабыз!

Алмашуу үчүн буюмдар жана китептер бар дармаркага (экологиялык жармаңкеге) келиңиз, байгелери бар Eco-Kahoot оюнуна катышып, майрамды кантип экологиялык жактан таза кылуу керектигин билип алыңыз.

Ал эми эң эр жүрөк жана чыгармачыл адамдар Eco-Halloween сынагына катыша алышат. Кайра иштетилүүчү же кайра колдонулуучу материалдардан өз колуңуз менен жасалган костюм, маска же “коркунучтуу” аксессуар кийип келип, БЕЛЕКТЕРДИ утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз!

Биз сиз үчүн үч номинацияны даярдадык:
1) Эң эффективдүү образ;
2) Эң креативдүү беткап;
3) Эң экологиялык костюм.

Сынак үчүн кеңеш: костюмду, аксессуарды же беткапты кайра иштетүүгө же кайра колдонууга боло турган материалдардан жасаңыз. Мисалы, үйдө бар сизге кереги жок кийимдерди, кагаздарды, гезиттерди, айнек же алюминий банкаларды, пластикти, баштыктарды, жүн, жиптерди, шарфтарды жана башка колдо болгон материалдарды колдонсоңуз болот. Атайын эч нерсе сатып алуунун кереги жок! Фантазияңызды көрсөтүп, үйдө бар буюмдардан кийим жасаңыз!

Ошондой эле үйүңүздө кооз жаныбарларыңыз болсо же көчөдөн мышык же ит алып келүүнү каалап, бирок коркуп жаткандарды, кароосуз калган жаныбарлар темасына кайдыгер карабагандардын баарын жаңы ата мекендик “Бактылуулар” трансформациялык оюнун ойноого чакырабыз. Бул оюн психологдордун катышуусу менен “Добросфера” командасы тарабынан түзүлгөн. “Добросфера” – бул туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү искусствонун эл аралык изилдөө борбору жана медиаөндүрүшү.

Иш-чаранын учурунда “Добросфера” жана “Жашыл БААУ” командалары англис жана орус тилдеринде эки оюн сессиясын өткөрүшөт. Биз үчүн оюн боюнча сиздин пикириңизди билүү абдан маанилүү: сизге эмне жакты жана эмнени жакшыртууга болот?
Келечекте оюнду (сиздин пикирлериңизди эске алуу менен) толуктап чыгып, балдар жана жаштар менен иштөө үчүн социалдык аянтчаларда колдонууну, ошондой эле каражаттарды жана башка ресурстарды тартууга жардам берүү үчүн кароосуз калган жаныбарлар баш калкалоочу жайына өткөрүп берүүнү пландаштырууда.


“Бактылуулар” тест-оюндарына каттоо 28-октябрь, БААУнун Форуму:
Англис тилиндеги оюн – 14:10-14:40 – Ìý
Орус тилиндеги оюн – 14:50-15:20 – Ìý


Ìý

ИШ-ЧАРАНЫН ПРОГРАММАСЫ:
11:00 - 15:20 Дармарка – буюмдарды жана китептерди алмашуу жармаңкеси
12:05 - 12:45 Активдүүлүктөр & БАЙГЕЛЕР: Eco-Kahoot + Eco-Halloween конкурсунун жыйынтыктары
14:10 - 15:20 “Добросфера” тарабынан “Жашыл БААУ” программасы менен биргеликте иштелип чыккан үй жаныбарлары жана кароосуз калган жаныбарлар тууралуу ата мекендик “Бактылуулар” трансформациялык оюнун тестирлөө


Оюн сессияларынын жүгүртмөсү:
14:10 - 14:40 Англис тилиндеги 1-топ: оюн (25 мүн.) + кайра байланыш анкетасы (оюнду талдоо жана жакшыртуу үчүн, 5 мүн.)
14:50 - 15:20 Орус тилиндеги 2-топ: оюн (25 мүн.) + кайра байланыш анкетасы (5 мүн.)


28-октябрда саат 12:00дө БААУнун Форумунда жолугушканча! Happy Halloween!

<< Назад к списку