ż۹ʴý

БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

ż۹ʴý HIGHLIGHTS

ЧИЙ СОГУУ — кыргыздардын салттуу кол өнөрчүлүгү боюнча мастер-класс

Сиздерди чий согуу боюнча уникалдуу мастер-класска чакырабыз. Чий согуу кыргыздын байыркы кол өнөрчүлүгү болуп, кылымдар бою боз үй тигүү, тосмолорду жана орнаменттүү паннолорду жасоодо колдонулуп келген.... Read More

БААУда “Өнүгүүнүн өзөгү – мугалим” китебинин бет ачары болуп өттү

БААУда 23-декабрда “Өнүгүүнүн өзөгү – мугалим” (“Основа развития – учитель”) китебинин бет ачары болуп өттү.... Read More

Кыргызстандын суу ресурстарын изилдөө АКШда AGU конференциясында тартууланды

Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин доценти, доктор Сагынбек Орунбаев Кентукки университети жана улуттук өнөктөштөр менен кызматташтыкта “Кыргызстандын түштүк-батышында Фергана өрөөнүнүн айылдык аймактары үчүн булактарды суу менен камсыздоо булагы катары баалоо” изилдөөсүнүн Америкалык геофизикалык союзунун жыл сайын өтүүчү конференциясында жыйынтыктарын тартуулады. Иш-чара Жаңы Орлеан шаарында өттү.... Read More

Мектеп мугалимдери үчүн каржылык сабаттуулук боюнча семинар

БААУда жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери үчүн кезектеги усулдук сабак өткөрүлдү. Аны буга чейинкидей эле БААУнун Жарандык активдүүлук борбору жана “Колдонмо математика жана информатика” факультети уюштурду.... Read More

БААУнун Кат жана академиялык ресурстар борбору

Билим алуу оңой эмес: баарына жетишүү кыйын, бардык темалар менен сабактар түшүнүктүү жана жөнөкөй боло бербейт.... Read More

Академиялык кураторчулук борбору

БААУда Академиялык кураторчулук борборунун кандай иш алып баруусу тууралуу “TV15 – Кыргызстан” телеканалы тарабынан даярдалган видеосюжет баяндайт.... Read More