żÃ۹ú¼ʴ«ý

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Results: 5041

21
Oct
 
Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактарына каттоо ачык
Биз жазгы семестрдин кабыл алуу сынактарына каттоону ачабыз. Эгер күзүндө окууга тапшырууга жетишпей же башка ЖОЖдон которулуп жаткан болсоңор, анда алдыдагы сынактарга катталып, январдан тартып окуп баштаганга эң туура учур келди.
20
Oct
 
БААУнун китепкана кызматкерлери кол жазмаларды сактоо жана калыбына келтирүү боюнча семинарга катышышты
БААУнун китепкана кызматкерлери 2026-жылдын 11-16-октябрь күндөрү Казакстандын улуттук китепканасы тарабынан уюштурулган кол жазмаларды калыбына келтирүү жана сактоо боюнча семинарына катышып келишти
19
Oct
 
Кара-Жыгач токойчосунда бак отургузуу боюнча акция
Сизди 2026-жылдын 24-октябрында Кара-Жыгач токойчосунда өтүүчү салтка айланган бак отургузуу акциясына катышууга чакырабыз. Иш-чара БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору (CCE) тарабынан уюштурулган.
16
Oct
 
Байтур Токтосунов: “Антропология башка маданияттарды жана башка адамдарды түшүнүүгө үйрөтөт”
Эмне үчүн жасалма интеллект антропологдорду алмаштыра албайт жана бул илим эмнени изилдейт? Бул тууралуу БААУнун “Антропология жана эл аралык өнүктүрүү” факультетинин окутуучусу Байтур Токтосунов баяндайт.
15
Oct
 
Ермахан Тортаев: “Ар кайсы өлкөдөн келген адамдар менен баарлашуу жашоого болгон көз-карашымды өзгөрттү”
Ермахан Тортаев “Антропология жана эл аралык өнүктүрүү” факультетинин 4-курсунда окуйт. Өткөн окуу жылында ал студенттер алмашуу программасына катышып, жазгы семестрди (март айынан август айына чейин) Канадзава университетинде (Япония) өткөргөн.
14
Oct
 
Чий салттарын сактоочулары
БААУнун “Антропология” программасынын магистранты Чолпон Кускакбаева өзүнүн PREF 2025-26 “Искусство, экология жана маданий мурастардын кесилишиндеги чий согуу” долбоору тууралуу айтып берет.
14
Oct
 
AALAU 2026
9-10-октябрда Борбор Азиядагы Америка университетинде эркин искусстволордун азиялык университеттеринин альянсынын (AALAU) форуму болуп өттү.
12
Oct
 
“Жандуу математика: симметрияны колдонуу” окуу куралынын бет ачары
8-октябрда БААУнун китепканасында БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” департаментинин профессору Сыргак Кыдыралиев башчылык кылган авторлор тобу тарабынан даярдалган “Жандуу математика: симметрияны колдонуу” окуу куралынын бет ачары болуп өттү.
8
Oct
 
БААУнун Инновациялык колледжинин бүтүрүүчүсү БУУнун аянтчасында чыгып сүйлөдү
БААУнун Инновациялык колледжинин (TSI żÃ۹ú¼ʴ«ý) бүтүрүүчүсү Баймырза Өмүрбеков Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында чыгып сүйлөдү.
3
Oct
 
Борбордук Азиядагы Америка университетинин президенти Тимоти О'Коннордун Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!